Logo

    Экология

    "Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
    ky25 Episodes

    People also ask

    What is the main theme of the podcast?
    Who are some of the popular guests the podcast?
    Were there any controversial topics discussed in the podcast?
    Were any current trending topics addressed in the podcast?
    What popular books were mentioned in the podcast?

    Episodes (25)

    Багбанчылыкка баш-оту менен баткан чарбакер

    Багбанчылыкка баш-оту менен баткан чарбакер
    20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз
    Экология
    kyMarch 17, 2023

    Базарда сатылган кызыл колтук бака тукум курут болуп баратат

    Базарда сатылган кызыл колтук бака тукум курут болуп баратат
    Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.
    Экология
    kyJanuary 13, 2023

    Бурханов: "Жашыл алтын" менен өлкөнүн экологиясын сактаса болот

    Бурханов: "Жашыл алтын" менен өлкөнүн экологиясын сактаса болот
    "Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнө агротокойчулук тоскоол боло алат" деген пикирин токойчулар бирикмесинин төрагасы Айткул Бурханов айтат. Ал бадам, мисте жана жаңгак эгүү менен экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечсе болот дейт.

    Бөрдвотчинг - туризмдин жаңы багыты

    Бөрдвотчинг - туризмдин жаңы багыты
    Бөрдвотчинг же куш кароо туризмдин жаңы багыты катары өнүгүп келе жатат. Кыргызстанда да бул багытка кызыккандар жок эмес. Ал тургай, куш ышкыбоздорунун атайын уюму бар. 1-апрель - Эл аралык куштар күнүнө карата Кыргызстандагы бөрдвотчерлер биримдигин негиздеген Нуржан Алымканова менен маектештик.
    Экология
    kyApril 01, 2022

    "Кыргызстанда шамалдан жарык алабыз"

    "Кыргызстанда шамалдан жарык алабыз"
    Ысык-Көлдүн Тоң районунун Топурак-Бел аймагында «Ecowind» шамал паркы курула баштады. Мындай дымактуу долбоорго «Кыргыз уинд систем» компаниясы белсенип киришкен. Анын финансылык директору Кундус Кырбашеваны “Азаттык” кепке тартып, шамалдан жарык алуунун келечегине кызыкты.
    Экология
    kyOctober 24, 2021

    Отунбаева: Пандемиянын сыноосунан өтүп жатабыз

    Отунбаева: Пандемиянын сыноосунан өтүп жатабыз
    Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.
    Экология
    kyJuly 17, 2021

    Коронавирус - табиятка ташбоор мамиленин жыйынтыгы

    Коронавирус - табиятка ташбоор мамиленин жыйынтыгы
    Коронавирус пандемиясы адам баласына табият менен теңсалмактуулукту бузбаш керектигин көрсөттү. Соңку жылдарда түтүн көбөйүп, токой азайгандан бери жаныбарлар адамга жакындай баштады. Адистер мындай учурда жаныбардан адамга жуккан вирустардын түрү көбөйөт деген пикирде.
    Экология
    kyJanuary 08, 2021

    Кунары качкан жайыттар

    Кунары качкан жайыттар
    Кыргызстанда соңку мезгилде элет жериндегилер жер иштетүүдөн киреше таппай калып, малдын башын көбөйтүүдө. Ал арада төрт түлүктүн туягы эзип койгон жайыттар жараксыз акыбалга келип, сейрек кездешчү өсүмдүктөрдүн жоголуусуна жол ачып жатканын экологдор эскертишет.

    Сүрөткө түшкөн аюулар

    Сүрөткө түшкөн аюулар
    Кыргызстанда “Кызыл китепке” кирген, башкача айтканда азайып-бараткан жаныбарлар жана канаттуулар дүйнөсүндө эмне өзгөрүүлөр бар? Сейрек кездешкен жан-жаныбарлардын миграциясы кандай? "Жашыл планета" берүүбүздө жан-жаныбарларга кантип кам көрүү керек деген суроого жооп издейбиз.
    Экология
    kyMarch 23, 2019

    Жашыл планета: Көкөй кескен көк түтүн

    Жашыл планета: Көкөй кескен көк түтүн
    "Жашыл планета” рубрикасында бир кезде «жашыл шаар» атыккан Бишкектин абасынын тазалыгына токтолобуз. Кыш түшүп, жылуулук сезону башталары менен борбор шаарды кара түтүн каптайт. Адистердин айтымында, абанын булганышына жаңы конуштагы сапатсыз курулган мештен чыккан түтүн менен шаарда автоунаалардын көбөйүшү себепкер.
    Экология
    kyMarch 02, 2019

    Кыргызстанды желим таштанды каптады

    Кыргызстанды желим таштанды каптады
    Арзан желим материалдын көптүгү дүйнө жүзүн пластик таштандынын алдында калуу коркунучуна кептеди. Кургакта гана эмес океанда үйүлгөн желим дөбөлөр пайда болду. Дүйнөлүк көйгөй Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Бүгүн желим баштыкты жана буюмдарды ар бир айылдан көрүүгө болот. Адамзат күндөлүк турмушта эсепсиз колдонулгон пластикти кантип чектеп, жаратылышты кантип сактап калат? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул теманы козгойбуз.
    Экология
    kyFebruary 16, 2019

    Аңчылык мыйзамынын оош-кыйышы

    Аңчылык мыйзамынын оош-кыйышы
    Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратып, бир нече жылдан бери колдоо таппай келет. Демилгечилердин бири Эмил Токтошев жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоору жөнүндө айтып берди.
    Экология
    kyFebruary 02, 2019

    Жаратылышка пайдасы тийген аңчылар

    Жаратылышка пайдасы тийген аңчылар
    Ошто болсо аңчылар жаратылышка зыяныбызга караганда пайдабыз көп кийип жатат деп ишендирип келишет. Маселен, Ош-Баткен мергенчилер коому жыл сайын кийиктерге туз жеткирүү, канаттууларга жем чачуу, көлмөлөргө балыктын уругун таштоо сыяктуу иштерди такай аткарып келатканын айтышат.
    Экология
    kyFebruary 02, 2019
    Logo

    © 2024 Podcastworld. All rights reserved

    Stay up to date

    For any inquiries, please email us at hello@podcastworld.io